Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдук кыздар өспүрүмдөр арасындагы волейбол лигасынын экинчи этабында алдыга чыгышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын кыздары өспүрүмдөр арасындагы волейбол лигасынын экинчи этабында алдыга чыгышты. Бул тууралуу машыктыруучу Тимур Асеинов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш Кара-Балта шаарында 3-7-январь күндөрү өткөрүлдү. Анда Караколдун «Жаштык» командасы 29 упай менен биринчи орунга чыгышты.

«Биздин кыздар 5 команданын ичинен биринчи болушту. Волейбол боюнча лиганын биринчи туру Токмок шаарында болгон. Эми акыркы этабы март айында болуп, чемпиондор аныкталат», - дейт ал.

«Жаштык» командасында 10 кыз ойнойт. Алардын кенжеси 6-класста, улуусу 11-класста окушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 364
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 71 адам окуп жатат)
×