Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Жеңеке: Ак куулар менен сырдашууну кыялданган Таалайкүл атайын ысык-көлдүк жигитке турмушка чыккан (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын тургуну Таалайкүл Кыдыралиева. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Анын айтымында, ал 1967-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң, Бишкек шаарындагы кыз-келиндер институтунда билим алган.

«Бала чагым кусалык жана сагынуу менен өттү. Кичине кезимде энемден айрылып калдым. Окуучу кезимде эле ак кууларга болгон сагынычым артып, кагаз бетине эки ак куу тартып, аны туугандарыма белекке берчү элем. Кийинчерээк түймө, кийиз менен ак куу жасай бердим. Ысык-Көлгө барып, ак куулар менен сырдашууну кыялданчу элем. Кийин студент кезде жолдомо менен көлгө эс алууга келдим. Ошондо менин ордум Ысык-Көлдө экенин сезип, эс алуу күндөрүм бүтсө дагы эмнегедир кетким келген жок. Ошентип окуп жүргөн маалда курбуларым аркылуу болочок жолдошум менен таанышып калдым. Сырткы келбети жакпаса да көлдүк жигит экенин билип, эки жолу эле көрүп, турмушка чыктым.

Жолдошум Ысык-Көлдөн болом дегенде, мен сага турмушка чыгам деп айтып жиберип, кийин бир топко чейин уялып жүрдүм. Ошентип экөөбүз баш кошуп, 1 уул, 1 кыздуу болдук», - деди ал.

Т.Кыдыралиева Ысык-Көл облусунун келини болгонуна сыймыктанат.

«Өзүм чет тил сабагынан мугалим болгондуктан 1991-жылы жолдошум менен Тоң районуна көчүп келип, Кажы-Сай шаарчасындагы мектепте мугалим болуп иштеп калдым. Кийин 1999-жылы Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы мектепке мугалим болуп кирип, азыркыга чейин иштеп жатам. Андан сырткары, кол өнөрчүлөр ийримин түптөп, учурда 15 кыз түймө түйүүнү, кийиз менен иштөөнү үйрөнүп жатат. Мен ак кууларга болгон сагынычым азыр деле тарабайт. Апамдан айрылып, кийин балам чарчап калгандыктан эмнегедир ак кууларды көрсөм сагынычым жазылып, кусам тарап калат. Ак куулар таза сүйүүгө бекем, жубу менен жүргөн канаттуу эмеспи. Ар дайым көл жээгине келип ыр жазып, колго жасаган ак кууларды алып келип, Ысык-Көл менен сырдашам.

Ак кууларга, Ысык-Көлгө арнап жазган ырларым бар. Мен Ысык-Көлдүн келини болгонума сыймыктанам. Кызым Мээрим Токмок шаарына турмушка чыккан, уулум Данияр 9-класстын окуучусу», - дейт.Т.Кыдыралиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1812
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×