Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 40 баланы машыктарган тоңдук Максат аларды дүйнөлүк аренага даярдоодо (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 29 жаштагы тургуну Жайлообаев Максат айылда грек-рим күрөшү боюнча 40 баланы машыктырып келет. Аймактык кабарчы машыктыруучу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш спортчулар республикалык олимпиадаларда жеңишке жетүүдө.

«Мен Дене тарбия жана спорт академиясын 2012-жылы ийгиликтүү аяктагам. Ошондон бери, Тоң райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде иштейм. Азыр жалпы 40тай бала грек-рим күрөшү боюнча машыгып жатышат. Кичүүсү 6 жашта, ал эми улуусу 17 жашта. Балдарды ата-энелери алып келишет. Бир аз машыккандан кийин баланын жөндөмү көрүнөт. Айрыкча кичинекей балдар менен иштөө абдан кызыктуу, ар кимисинин мүнөзү ар башка.

Бир окуучум спорттун чебеби наамына талапкер болду. Республикалык, облустук мелдештерден ийгиликтерге жетишип жатабыз. Республикалык спартакиадада 3-орун, эл аралык жаңы жылдык турнирден 2-орун жана облус, райондо өткөн сынактарда ийгиликтерге жетүүдөбүз. Азырынча эл аралык мелдештерге чыга элекпиз, каражат маселеси каралып жатат. Мындан сырткары мектепте дагы дене тарбия сабагын окутам. Айылда жашаган соң дыйкан чарба менен алектенип, бош убакыт жокко эсе. Ар бир машыктыруу өзү жетпей калган ийгиликтерге окуучулары жетсе экен деп тилейт. Мен машыктырган спортчулар эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретсе, үлгүлүү адам болсо деп тилейм», - дейт ал.

М.Жайлообаев үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1198
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 75 адам окуп жатат)
×