Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Бостеридеги ири өрт: 3 кабаттуу мейманкананын ээси чыгымды 50 миң долларга баалады (видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» ресторанынан чыккан өрттөн жабыркаган мейманканалардын биринин ээси келтирилген чыгымды 50 миң долларга баалап жатат.

«Гринхаус» мейманканасынын ээси Кайрат Тажиканов өрттүн кесепетинен конок үйүнүн 3-кабатындагы 4 бөлмө жарым сааттын ичинде күйүп кеткенин билдирди.

«Кышында электрдик жабдыктар өчүрүлөт. Биз ресторанга атайлап өрт коюлушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз. Электр зымдары биригиши мүмкүн эмес болчу», - деди ал.

«Осьминог» ресторанындагы өрттү өрт өчүрүүчүлөр 4 саатка жакын убакытта өчүрүшкөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» рестораны толугу менен өрттөнүп кеткенин маалымдаган.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 04:30 чамасында жарылуу угулган.

Райондук ички иштер башкармалыгы 7-январда нөөмөт бөлүмүнө Бостери айылынын Борбор конушундагы «Осьминог» ресторанынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Окуя болгон жерге Ысык-Көл РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жана Бостери айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери барган. Көңүл ачуучу жай Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 1988-жылы туулган тургуну А.Инаятка таандык.

ӨКМдин басма сөз кызматы кечээ, 8-январда билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Өрт саат 06:50дө чектөөгө алынып, саат 10:48де толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен «Осьминог» ресторанынын имараты толугу менен күйүп кетти.

Өрт жанындагы мейманканаларга жайылган.

- 3 кабаттуу «Гринхаус» конок үйүнүн (жалпы аянты 1500 чарчы метр) 750 чарчы метр аянты өрткө дуушар болуп, 9 желим терезе, 8 диван, 8 эшик, 8 даана керебет, палас жана башкалар күйгөн. Конок үйү Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну Т.Кайратка таандык;

- 2 кабаттуу «Саябан» мейманканасынын 90 чарчы метр чатыры, 6 даана желим терезе, 6 эшик, муздаткыч, сыналгы, шкаф, 2 даана керебет жана башкалар күйгөн. Мейманкана Бостери айылынын 1969-жылы туулган тургуну У.Эрнатка таандык.

Адамдар жаракат алган жок. Учурда жалпы чыгымдын суммасы эсептелип жатат, соттук, өрт-техникалык экспертиза дайындалды.

2012-жылы Limon.kg басылмасы Бостери айылындагы «Осьминог» лаунж-барынын долбоорунун автору Саламат Үсөналиев экенин жазган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3404
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×