Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Классташтар: Столдун астына жашынып эжейин, каалгага бекинип агайын коркуткан А.Асанбековдун мектептеги жоруктары (фото)

Turmush -  Адилет Асанбеков Ысык-Кѳл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков атындагы орто мектебинде 5-класска чейин окуп кетсе да классташтар арасындагы жоруктарын унутпайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«1-класста жыйырма бештен ашуун классташтарым менен чогуу мектептин босогосун аттагам. Анын онго жакынын кыздар, он бештейин балдар түзчү. Мен өтө шок бала болчумун. Оюма эмне келсе ошону жасап, классташтарымдын боорун эзип салчумун. Бизде Кайыркүл деген эжейибиз англис тилинен сабак берер эле. Бир жолу анын сабагы башталар алдында мен Кайыркүл эжейдин столунун астына кирип алдым. Окуучулар да мени байкабай калды. Бир маалда коңгуроо кагылып, мугалим класска кирди. Окуучулар бул убакта тынчтанып, ордуларына отуруп калган. Мугалим столдун үстүнѳ сумкасын коюп, отургучуна отурду да, сабагын ѳтѳ баштады. Мен столдун алдында дагы деле отурам. Кантип чыгарымды билбейм. Бутум талып кетип, кыймылдап жиберсем Кайыркүл эжей чочуп кетип "ким жүрѳт" деп кыйкырып жиберди. Мен ошол замат дароо столдун алдынан чуркап чыгып, өзүмдүн партама отуруп калдым. Классташтарымдын баары каткырып "кылбаган жоругуң жок" деп калышты. Дагы бир жолу класстын каалгасына жашынып, сырттан келе жаткан окуучуларды улам чочутуп жаттым. Бир маалда бир дабыш чыкканынан чыга калып чочутуп жиберсем, бир чоң кишинин тизесине барып урундум. Ал "ок, атаңдын оозун урайын" деп калды. Кѳрсѳ ал киши дене тарбия сабагын окуткан узун бойлуу Дайыр деген агайыбыз экен», - деди ал.

Адилет Асанбеков 1990-жылы Кара-Талаа айылында төрөлгөн.

«Ата-энемдин жумушуна байланыштуу башка жерге кѳчүүгѳ туура келген. Ошентип бул классташтарым менен 5-класска чейин гана окудум. Бирок кийин эр жетип чоңойгондо кайра Кара-Талаа айылына кѳчүп келдик. Азыр ошол классташтарым менен катышып турам. Үйлѳнүп, балалуу болдук. Классташтарымдан 3-4 бала гана үйлѳнѳ элек. Калганы үйлѳнүп, алды 3 балалуу болуп калды. Жарымынан кѳбү жогорку билимдүү жана айрымдар ѳз кесиби менен иштеп жатышат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3877
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×