Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө «Тил достугу» фестивалында ар улуттун балдары кыргыз тилинде ырдашты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы «Тил достугу» деп аталган фестивалда ар улуттун балдары кыргыз тилинде ырдашты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси А.Касымалиева маалымдады.

Анын айтымында, аталган фестиваль 23 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул ирет Ырдык айылындагы Б.Хазрети атындагы мектепте өтүп, ага райондун 4 мектебинен келген окуучулар катышты. Мында орус, дунган, уйгур улутундагы окуучулар кыргыз тилинде ырдап, бийлешти.

«Фестивалдын максаты кыргыз тилин даңазалоо, тил достугун бекемдөө болуп эсептелинет. Ар бир башка улуттун окуучусу кыргыз тилинде ырдап, макалдарды жатка айтышты. Эми жыйынтыгында мыкты окуучулар аныкталат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1340
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×