Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Азиз Айтбосунов Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Turmush -  Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Азиз Айтбосунов шайланды. Бул тууралуу райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Сатиев билдирди.

Анын айтымында, шайлоо бүгүн, 5-январда өтүп, ага 11 депутат катышты. Депутаттардын баары бир добуштан Азиз Айтбосуновдун талапкерлигин колдоого алышты.

Бул айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Жунус Осмонбаев өз арызы менен кызматынан кеткендигине байланыштуу шайлоо өткөрүү күнү белгиленген.

Азиз Айтбосунов Ак-Суу районунун Курбу айылында 1975-жылы төрөлгөн. Жогорку билимдүү, кесиби боюнча токойчу. Айылда дыйкан чарбасында эмгектенип, Тепке айылдык кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болуп, бир мөөнөт айылдык кеңештин төрагасы болгон.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1819
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×