Өзүнүн айтымында, ал айылда мектепти бүтүргөн соң борбордогу Б.Бейшеналиева атындагы исскуство университетине тапшырып, ал окуу жайды 2013-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториясына тапшырып, аны 2017-жылы бүтүргөн. Ал элдик ырларды бала кезинен бери аткарып, кийин мектептеги ар кандай иш-чараларга активдүү катышып келгендигин белгиледи.
Таланттуу жигит «Ала-Тоо жазы» 2012 фестивалынын лауреаты, Ж.Шералиев атындагы сынактын лауреаты жана радиолордун бириндеги «Селкинчек» сынагынын жеңүүчүсү болгон. Үсөн Жүзбаев төрт бир туугандын кенжеси. Анын Асан аттуу эгизи бар.