Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 07.01.2018 21:36

Кар көчкүдөн кантип сактануу керек?

Turmush -  Кар көчкү — бул кар массасы. Тоо боорунан өзүнүн оордугу менен шыпырылып түшөт жана ал өзүнүн алдындагы жаңы түшкөн кар массасын ала жүрөт. ӨКМдин Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар жана өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Улан Кулназаров учурда кыш мезгилине карата ар кандай табигат кырсыктарынан, анын ичинде өзгөчө кар көчкүдөн сактанууну баса белгиледи.

Көчкү коопсуздугу тууралуу билүү зарыл:

- Бир жакка чыгарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун абалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпыга маалымат билдирмелеринен же ӨКМдин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү;
- Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;
- Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерине бекем көңүл бөлүү керек, зарылчылык болсо, эртең менен эрте өтүп кетүү керек;
- Жол кызматчылары тарабынан коюлган: «Чектелген жүрүү», «Унаа жолунун бекилүүсү» белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу;
- Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы - октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет, көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында болот.


Көчкүдө өзүн алып жүрүү эрежелери:

- Эгер көчкү өтө бийик жерден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз);
- Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз;
- Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз;
- Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз;
- Эгер мүмкүн болсо, өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот);
- Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап өзүңүздү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз;
- Сизге көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз;
- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз;
- Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек;
- Эгер cиз төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу керек;
- Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт, себеби жүрөк тез согуп, көп кычкылтек талап кылат;
- Эгер cиз кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат;
- Эгер сиз коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыңыз;
- Кыш мезгилинде кардын жаашына жараша алыскы жана жакынкы кыштоолордо, мал жайыттарда кар көчкү кооптуулугу жогору экендигин унутпаңыз;
- Бардык жарандар мергенчиликке чыгууда, мал жайыттарында жүрүүдө, бийик тоолуу унаа жолдору аркылуу каттаганда кар көчкүлөрүнөн сак болуусу зарыл. Зарыл жумуштары болбосо, жарандар кооптуулугу байкалган аймактар аркылуу жүрбөй эле коюусу туура болот;
- Кырсыкка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, кандайдыр бир кооптуулукту байкасаңыз, дароо «101» кызматы аркылуу куткаруучуларга маалымат бериңиздер;
- Эгерде «101» кызматына чалууда ыңгайсыздыктар болсо, уюлдук телефонуңуз аркылуу чалууларды акысыз кабыл алган министрликтин «112» жана (0800) 222-2-222 телефондоруна байланышсаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×