Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 31.12.2017 11:50

Каракол шаардык мэриясы Д.Арпачиевдин жетекчилигинде 2017-жылды алгылыктуу иштер менен жыйынтыктады (фоторепортаж)

Turmush -  Каракол шаарында мэр Арпачиев Данияр Карагуловичтин жетекчилиги менен 2017-жылы алгылыктуу иштер аткарылды. Ошондой эле, элдин жашоосун жогорулатуу, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы иштер улантылып жатат.

Алдыдагы жылга карата дагы бир катар пландар коюлду, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Мэр Д.Арпачиев

2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен жасалган иштер:

- Республикалык бюджеттин эсебинен Каракол шаарынын Токтогул көчөсүндө (посттон тартып Н.Айтматова көчөсүнө чейин) 1,6 километр узундукта 4 тилкелүү жол, тротуарлар салынып, арыктарга лотоктор орнотулду;

- «Манасчылар өргөсү» эс алуу багынын аянты толугу менен курчалып, 72 даана жарык берүүчү лампалар жана 30 даана отургуч, таштанды урналары коюлду;

- «Тазалык» ишканасына Республикалык айлана-чөйрөнү коргоо фондунун эсебинен 2 даана таштанды ташуучу автоунаа алынды;

- Республикалык бюджеттин эсебинен дем берүүчү грантка 7 долбоор жазылып ишке ашырылды. Алар:

- №15 мектепке кичи футбол аянтчасы салынды;

- №5 мектепке кичи футбол аянтчасы салынды;

- №9 мектепке кичи футбол аянтчасы салынды;

- №2 бала бакчанын терезелери алмаштырылды;

- №5 бала бакчанын терезелери алмаштырылды;

- №7 мектептин чатыры, терезелери алмаштырылды;

- №4 мекетептин жылытуу системасы алмаштырылды.

- Каракол шаарынын Нефтяник кичи районунда 120 орундуу бала бакчанын курулушу 2014-жылы башталган. Ал үчүн 2017-жылы 33 млн сом каржыланып, толугу менен курулуш иштери бүтүп, ишке берилди;

- Пристань-Пржевальск аймагында Каракол суусунун жээгин бекемдөө иштери ӨКМ аркылуу жүргүзүлүп, жалпы 5,4 млн сом бөлүнгөн.

Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондусунун эсебинен аткарылган иштер:

- Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен Кыдыр аке көчөсүндө (И.Күчүков көчөсүнөн тартып Пржевальск көчөсүнө чейин) 1,2 километр аралыкта 4 тилкелүү жол жана тротуарлар 80% жасалды. 100% бүткөрүү иштери 2018-жылдын жаз мезгилине карата пландалган;

- Муниципалдык жол чарба ишканасына кар тазалоочу «МАЗ» үлгүсүндөгү автомашина, XGSM үлгүсүндөгү автогрейдер жана тротуардын карын тазалоочу МТЗ үлгүсүндөгү трактор алынып, иштеп жатат;

- Шаардагы 6 жаңы конушка 6 даана трансформатор, 269 даана электр мамысы, 1200 метр узундуктагы электр чубалгылары тартылды;

- Каракол шаарындагы 2 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына ысык тамак уюштуруу үчүн ашканаларды толугу менен оңдоо иштери жүргүзүлүп, окуучуларга ысык тамак берүү уюштурулду.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иштер:

- Фрунзе көчөсүнүн (Пржевальск көчөсүнөн тартып Инкубаторго чейин) 0,9 километр аралыгына асфальт төшөлдү;

- Шаардын аймагында мыйзамсыз коюлган 6 аялдама бузулуп, алардын ордуна жана буга чейин аялдама жок аймактарга бир типтүү 27 даана аялдама орнотулду;

- Шаардын ичиндеги 18 километр асфальты жок көчөлөргө шагыл таш төгүлүп, түздөлдү;

- Шаардагы жолдордун 15 миң 757 чарчы метр аянтында чуңкурлар бүтөлүп, жолду оӊдоо иштери жасалды;

- «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасына жаңы техника алынды (ЗИЛ автоунаасы);

- Каракол шаарынын ичинде роза гүлүнүн 3 миң көчөттөрү отургузулду;

- «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасы тарабынан Ленин, Абдрахманов, Жусаев, Гебзе көчөлөрүнө жалпы 3200 метр арык лотоктору орнотулду;

- «Суу канал» ишканасы тарабынан борбордук скверде жайгашкан оргума толугу менен калыбына келтирилди;

- Геология жаңы конушуна 1200 метр жерге суу түтүгү тартылып, тургундар таза суу менен камсыз болушту;

- Элебаев-Искаков жаңы конушуна 600 метр суу түтүгү киргизилип, тургундар ичүүчү суу менен камсыз болушту;

- Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканасында автоунааларды жууй турган жай ачылып, унаа токтотуучу бөлүктөр да оңдоодон өткөрүлдү;

- «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан жалпы 1730 даана 150, 60, 50 Ваттык жарык берүүчү лампалар шаардын көчөлөрүнө орнотулду;

- Каракол шаарындагы Шапак баатырКарасаев жана АлдашевЖусаев көчөлөрүнүн кесилиштеринде 2 даана жол чырак орнотулду;

- Каракол шаарынын көчөлөрүндөгү жасалма тоскоолдуктар (жалпы 16 даана) асфальт менен жасалды;

- Каракол шаарынын жолдорунда жөө жүргүнчүлөр үчүн 4 даана жол чырак орнотулду. Алар — Кутманалиев—Бектенов, Масалиев— Рахманов, Жамансариев— Коенкөзов, Токтогул—Харков көчөлөрүнүн кесилиштеринде жайгашкан;

- Каракол шаарынын борбордук скверинин аллеяларына брусчатка төшөлдү;

- Каракол шаарынын жолдоруна 194 даана жол белгилери орнотулду;

- Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана материалдык жактан муктаж жарандарга Каракол шаарынын мэринин резервдик фондусунун эсебинен муктаждыгына жараша 344 жаранга 904,9 миң сомго материалдык жардамдар көрсөтүлдү;

- Жол чарба муниципалдык ишканасына автоунаа алынып, колдонулуп жатат.

Демөөрчүлөр жана чет элдик инвестициянын эсебинен аткарылган иштер:

- Азия өнүктүрүү банкы аркылуу жаңы техникалар алынып келди.

Алар:

- Таштанды ташуучу 4 автоунаа;

- 2 экскаватор жүктөгүч;

- 2 жүк ташуучу автоунаа;

- 2 даана телескоп;

- Тротуар тазалоочу 1 трактор;

- Таштанды тазалоочу 1 унаа;

- «Чыгыш электр» ишканасынын эсебинен шаар ичине кошумча 5 трансформатор орнотулду;

- Каракол шаарынын мэриясынын жана «Каракол дестинациясынын» демилгеси, ЮСАИД долбоорунун колдоосу менен заманбап үлгүдөгү «Ривер Парк» эс алуу паркы курулду;

- Каракол шаарынын мэриясынын жана «Каракол дестинациясынын» демилгеси, ЮСАИД долбоорунун колдоосу менен 4 коомдук жайга эркин Wi-Fi аймактары жасалып, бекер кызмат көрсөтүүдө;

- Эл аралык ФИФАнын жана облустук футбол федерациясынын демилгеси менен Чыгыш кичи районуна 2 кичи футбол аянтчасы курулду;

- Пристань-Пржевальск аймагында Араб мамлекетинин демөөрчүлөрүнүн эсебинен ФАП курулду;

- К.Карасаев атындагы лицейдин базасында 60 орундуу жеке менчик бала бакча ачылды;

- Пристань-Пржевальск аймагындагы Н.М.Пржевальск атындагы музейдин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө «Газпром» ишканасынын эсебинен 6,7 млн сом каржыланды;

- Каракол шаарында жеке ишкердин демөөрчүлүгү менен 5 жылдыздуу, 7 кабаттуу «Карагат» мейманканасы курулуп, кызмат көрсөтүүдө;

- Каракол шаарынын жаштарынын демилгелерин колдоо максатында «Сорос Кыргызстан» фондусунун жана Лидер жаштардын ыктыярчылар уюмунун колдоосу менен долбоорлорду кабыл алуу боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында 6 долбоор (велосипед токтотулуучу жайлар, көчөттөрдү отургузуу, 2 воркаут аянтчасын куруу, борбордук аянтта шаардын тарыхы боюнча тарыхый сүрөттөрдү орнотуу, көп кабаттуу үйлөрдүн бетине сүрөт тарттыруу) каржыланып ишке ашырылды;

- Көп балалуу майып эне Г.Усеновага жеке ишкер М.Орумбаев 580 миң сомго 2 бөлмөлүү батир алып берди;

- Шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам катары арабиялыктардын демөөрчүлүгү менен 82 тонна көмүр бекер таратылды;

- «Ирада» балдар үйүнө жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен мончо курулду.

2017-жылы Каракол шаардык мэриясынын демилгеси менен шаардагы «Славян» базары «Каракол» базарына, эмгек биржасы мал базардын төмөн жагына көчүрүлдү. Ошондой эле, «Ак-Тилек» базарынын эки тарабындагы жолдор бир тараптуу болду.

«Жогоруда көрсөтүлгөн иштерди ишке ашырууга көмөк көрсөткөнү үчүн Каракол шаарынын жалпы элинин атынан президент Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, премьер-министр Исаков Сапар Жумакадыровичке жана өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казыевичке терең ыраазычылык билдиребиз», - деп айтылат мэр Д.Арпачиевдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×