Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 29.12.2017 16:27

Чолпон-Атада аз камсыз 30 үй-бүлөгө жардам берилди (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жардам берүү «Умай эне жарыгы» коомдук бирикмесинин төрайымы Азимкул Жакшылыкова жана жеке ишкер Алмагул Абдыкадырова тарабынан демилгеленген. Алар шаардык мэриядан жарды жашаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин алышып, алардын ар бирине азык-түлүк ирээтинде жардам беришти.

Жардам алгандардын көпчүлүгү ата-энесинен эрте айрылып, туугандарыныкында жашаган балдар жана камкордукка муктаж болгон карылар болду. Жалпысынан 30га жакын үй-бүлө жардам алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×