Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Балыкчыда эркин күрөш боюнча уюштурулган мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында эркин күрөш боюнча уюштурулган мелдеш жыйынтыкталды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалым болгондой, мелдешке жалпы 12 командадан турган 140 спортчу катышты. Анын жыйынтыгында 1-орунду Кызыл-Суунун командасы, 2-орунду Балыкчынын командасы, 3-орунду Балыкчынын экинчи командасы алды. Жеңүүчүлөргө кубок, медалдар, акчалай сыйлыктар берилди.

Балыкчы шаардык спорт мектебинин директору Б.Кадановдун айтымында, бул мелдеш шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1911
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×