Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Ак-Суунун Үч-Кайнар айылында 1,8 млн сомго курулган жаңы ФАП ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрда Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылында жаңы курулган ФАП ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге райондун акими Улан Дөкөнбаев, бир катар айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.

«Быйыл район боюнча жалпы 6 ФАП курулду. Азыр 4 айылдан башка бардык айылдарда ФАП бар. Эми келе жаткан жылда дагы 4 ФАП куруу пландалып жатат», - деди аким.

Үч-Кайнар айылдык кеңешинин депутаты Азамат Калмыкеевдин айтуусунда, бул ФАПтын курулушуна 1 миллион 800 миң сом жумшалып, ал АРИС программасынын негизинде каржыланган. Андан сырткары, айыл өкмөт 150 миң сом бөлүп, ага айланасы торолуп, керектүү жабдуулар алынды.

Райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору К.Алымбеков ФАПтын мурунку имараты эскиргенин белгиледи.

«Азыр Ак-Сууда медициналык кызматкерлер жетиштүү. Жаңы ФАП Отуз-Уул, Үч-Кайнар айылдарынын эли үчүн кызмат кылат. Бул элеттиктерге жакшы жай болуп калды. Ичинде суусу, жылуулугу, бардык шарттар түзүлгөн. Бул жайга элеттеги кош бойлуу аялдар дагы келип, дарыгерлерге көрүнө алышат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1494
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×