Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ысык-Көл

Ак-Сууда акимдин балаты майрамына олимпиадада жеңген окуучулар, аз камсыз балдар келишти (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында кечээ, 26-декабрда акимдин жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аким Улан Дөкөнбаевдин айтуусунда, майрамга райондун бардык айылдарынан 70 бала чакырылган.

«Бүгүнкү майрамга жакшы окуган окуучулар, олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары келишкен. Мындан сырткары, биз балдар үйлөрүнө барып, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди тапшырабыз», - деди ал.

Ошондой эле, ал Ак-Суу районунан 4 бала президенттин балаты майрамына, ал эми облустук жетекчинин жаңы жылдык балаты майрамына 20 бала кеткенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1077
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×