Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ысык-Көл

Түптө райондук архивдин жаңы имараты ачылды (фото)

Turmush -  Түптө райондук мамлекеттик архив кызматынын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Усенова, Түп районунун акими Советбек Исмаилов, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архивинин директору Чынара Сейдиматова жана Түп райондук кеңешинин төрагасы Адылбек Алдаяров катышып, райондун элин жаңы курулган имараттын ачылышы менен менен куттукташкандан кийин кызыл тасманы кесишти.

Архив кызматы менен Түп райондук мамлекеттик архивинин жетекчиси Бекиш Таштанбеков тааныштырып, КРнын мамлекеттик архивинин 90 жылдык, Түп райондук мамлекеттик архивинин 80 жылдык тарыхы менен тааныштырды.

«Мурда азыркы курулган архивдин имаратынын төрттөн бир бөлүгүн ээлеген имаратта жайгашып, архивдик документтер батпай калып, Караколго облустук архивге жайгаштыра баштаган элек. Эми заманбап имаратка кирдик. Документтер санариптик ыкмага салынып, сактала баштайт», - деди Б.Таштанбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 883
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×