Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Тагдыр: Ысык-көлдүк 20 жаштагы эне 5 айлык кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам күтөт (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын 20 жаштагы тургуну Айдана Орозбекова 5 айлык кызы Айыманын көзүнө операция жасатуу үчүн кайрымдуу адамдардан жардам сурайт.

Өзүнүн айтымында, кызынын эки көзүнүн карегине шишик өсүп жатат. Ага Москва шаарында операция жасатуу үчүн 5 млн сом талап кылынат.

«Менин кызымдын көзү жарыкта жылтырап турат. Учурда карегинин артынан шишик өсүп жатат. Кызым 2 ай болгондо окулист дарыгерге жиберишкен, барып көрүнсөк УЗИге жиберишти. Ал жерден эки көзүндө шишик бар деп айтышты. Ага тез арада операция жасатуу керек. Сол көзүнүн өлчөмү чоңураак болгондуктан аны алдыртса болот деп жатышат. Бир көзүн сактап калуу аракетин көрүшүбүз керек экен. Шишик саат сайын өсүп жатат. Тез арада операция жасатуу үчүн каражат чогултуу зарыл. Операция Москвадагы онкологиялык борбордо жасалат. Биздин диагноз боюнча операцияга 5 миллион сом кетет деп жатышат», - деди ал.

Ошондой эле, ал кызы ооруп калгандан кийин жолдошу менен ажырашканын белгиледи.

«Жолдошум менен 2016-жылы үйлөнгөнбүз, кызыма ушул диагноз коюлгандан кийин ажырашып кеттик. Операция жасатуу үчүн өзүм жалгыз чуркап жүрөм. Элдик медицинага ишенип жүрүп кызымдын көзүндөгү шишиги өсүп кетиптир. Өзүм Кыргыз экономикалык университетте окучумун. 1-курсту аяктап турмушка чыгып, ошол бойдон окубай калдым. Жок дегенде өзүбүз 500 миң сомун тапсак, калган суммасын кайрымдуулук фонддордон жана колунда бар адамдардан алсак деп үмүттөнүп жатабыз», - деди Айдана Орозбекова.

Жардам берүүнү каалагандар 0702476676 номуру аркылуу байланышса болот. Элсом — 0702476676.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 25170
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×