Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 22.12.2017 19:18

4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Айдоочу кыз 10 жылга шарттуу кесилип, унаанын ээси бошотулду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 22-декабрда Ысык-Көл райондук соту Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде 4 адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишке карата чечим чыгарды.

Унааны башкарган Н.Жибекке карата соттун чечими

Сот иштин материалдарын карап, жол кырсыкка себепкер болгон Н.Жибекти КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүктөрүнүн (Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде күнөөлүү деп таап, аны 3 жыл транспорт каражатын башкарууга тыюу салуу менен 10 жылга жатак абакта жаза өтөө чечимин чыгарды.

Сот Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине (Шарттуу соттоо) ылайык, жазаны сыноо менен 3 жылга шарттуу деп эсептөө токтомун чыгарды. Ошондой эле, сот Н.Жибектин жүрүм-турумун көзөмөлдөөнү Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча жаза аткаруу инспекциясына тапшырды. Н.Жибектин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Ал соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин камакта болот. Өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин анын баш коргоо чарасы жокко чыгарылат.

Унаанын ээси Т.Тахировго карата соттун чечими

Сот унаанын ээси Т.Тахировду тараптардын макулдашканына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. Каза болгон адамдардын туугандары дооматы жок болгону тууралуу тосмо кат жазып беришти. Сот чечимди Кылмыш-жаза кодексинин 66-беренесинин (Жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу) негизинде кабыл алды. Аталган беренеде чоң коркунуч келтирбеген кылмыш же анчейин оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабыр тартуучу менен элдешсе жана келтирилген зыянды жайгарса кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулаары жазылган.

Буга чейин унаанын ээсине Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренесинин (Мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) негизинде кылмыш иш козголгон болчу.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дооматы

Сот Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун өкүлүнүн жарандык дооматын кароосуз калтырды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 740 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян төлөп берүүнү талап кылган. Өкүмгө нааразы тарап Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу.

Жол-транспорт кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

- 27 жаштагы Динара Усупбаева;

???? ?.?????????? � ????? ??????????

- 19 жаштагы Адылбек кызы Аиды (9 айлык кош бойлуу болгон);

??????? ???? ????, ??????? ?????????? ?? 9 ?????? ????????????

- 56 жаштагы тез жардамдын фельдшери Марипа Садыбакова;

- 58 жаштагы тез жардамдын кызматынын унаасынын айдоочусу Кожокмат Адыракаев.

А 5

Окуя тууралуу:

2017-жылы 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Такталган маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.
Кийинчерээк Чолпон-Ата шаарында 4 адамдын өмүрүн алган жол транспорт кырсыгына себепкер болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ээси — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Тахир экендиги аныкталган. Унааны Кербен шаарынын 23 жаштагы Жибек аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми аталган унаанын ээсине 284-берене (мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Жол кырсыктан кийин дароо унааны башкарган кыздын организминде алкоголдук ичимдик бар экени текшерилип, жыйынтыгында аталган факт тастыкталган.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы Жибек эки айга камакка алынып, унаанын ээси Т.Тахир 1 айга камалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×