Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - М.Галкиндин шоусуна катышып келген караколдук Албан-Алиге мэрия белек тапшырды

Turmush -  Каракол шаарынын 7 жаштагы тургуну Албан-Али Алим уулуна мэрия тарабынан шайтан араба, жаныбарлар тууралуу энциклопедия жана жумшак оюнчук белекке берилди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Белекти шаардын мэри Данияр Арпачиев тапшырды. Анда жергиликтүү жетекчилерге Албан-Али жаныбарлар тууралуу кызыктуу маек куруп, Максим Галкиндин «Лучше всех» шоусуна баргандагы кызыктуу окуяларын айтып берди.

Белектерди тапшыруу иш-чарасына мэрия кызматкерлери жана Албан-Алинин үй-бүлөсү катышты. Мэр жаш талантка ийгиликтерди каалап, Караколдун атын чыгарган инсан болушун каалады.

Буга чейин Албан-Али Алим уулу Максим Галкиндин «Лучше всех» шоусуна катышып келгендиги маалымдалган.

Албан-Алинин атасы Алим Малдыбековдун айтымында, уулунун мындай ийгиликке жетишине эң биринчиден анын китептерге болгон кызыгуусу себеп болду.

«Апасы экөөбүз Албанга түрдүү китептерди сатып беребиз, өзү дагы китеп окууга абдан кызыгат. Өзү теңдүүлөрдөй болуп интернет оюндарын ойнобостон жан-жаныбарлар, жаратылыш, космос тууралуу билгиси келет. Билимге суусап турган учурда балдарга туура багыт берүү керек деп эсептейм. Окуганын, көргөнүн тез кабыл алып, дагы жаңы нерсе үйрөнүүгө аракет кылат. Кызыккандары тууралуу кенен маалымат алууга дилгир. Телешоуда берилген убакыт тар болгондуктан жан-жаныбарлар туурасында гана маалыматтарды айтып берди. Өзү кызыккан нерселердин бардыгы боюнча ушундай эле кенен, так маалыматтарды билет», - дейт А.Малдыбеков.

Албан Каракол шаарындагы А.Чехов атындагы мектептин 2-классынын окуучусу. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Атасы Алим Малдыбеков КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Акыркы 30 жылдан бери спорт тармагында эмгектенип, Каракол шаарында күрөш боюнча көптөгөн спортчуларды машыктырып келет.

Тема боюнча:

29.05.2017Кыргызстандык 6 жаштагы Нурмухаммед Россияда «Лучше всех» долбооруна чыкты (видео)
11.12.2017Видео — Караколдук 7 жаштагы Албан-Али Россиядагы «Лучше всех» шоусуна катышты
27.04.2017Видео: Жалал-абаддык 7 жаштагы Н.Ташмаматов Брюс Лини туурап, М.Галкиндин «Лучше всех» шоусуна катышып келди
05.07.2017Жалал-абаддык 6 жаштагы Нурмухаммед М.Галкиндин «Лучше всех» шоусунун 2-туруна өттү (фото)
11.12.2017АКИ-TV: М.Галкиндин шоусун күлкүгө бөлөгөн караколдук Албан-Алинин атасы уулу тууралуу айтып берди (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 41 адам окуп жатат)
×