Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.12.2017 14:28

Чолпон-Атада залкар акын А.Осмонов эскерилди (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында акын Алыкул Осмоновдун үй музейинин жанында залкар акынды эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Үй музейдин негиздөөчүсү Бактыбек Асанбаевдин айтымында, жыл сайын акындын айкелинин алдында 12-декабрда эскерүү иш-чарасы уюшулуп турат.

Иш-чарага А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиянын окуучулары, акындын күйөрмандары катышып, анын ырларын окуп, өмүр таржымалына токтолушту. Ошондой эле, акындын жаркын элесине арналып куран окутулду.

Залкар акын 1950-жылдын 12-декабрында дүйнө салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×