Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.12.2017 11:48

Айыл турмушу: Жыргалаңдагы уйлар ветеринар Ш.Курмановду көргөндө качып жөнөшөт

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылынын ветеринары Шаршен Курманов айылга 1993-жылы келген. Алгач көмүр шахтасында от жагып иштечү. Андан 2 жылдан кийин көмүр чыгаруучу жумушчу, кийин бригадир, тоо мастери болууга жетишкен. Андан кийинки жылдарда шахтада өндүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ш.Курманов өмүрүнүн 24 жылында көмүр кенинде иштеп, шахта иштебей калган 2007-жылдан тарта айылда мал чарба адиси болуп калган.

«Биздин айылда мал дарыгери жок эле. 2002-жылдан баштап мен атайын билим алып, айылда жарым штат менен ветеринар болуп иштеп баштадым. Шахта жабылганда толук ветеринардык кызматка өткөм.
Мурда мал ылаңына каршы дарылоолор жылына бир гана жолу жасалчу. Азыр эки жолу жасалат. Болушунча ар бир малды кароодон өткөрүүгө аракет кылабыз. Ар кандай кырсыктарда жардам берем. Мал таза болсо, эл таза болот», - дейт ал.

Ал эми айылдаштарынын айтымында, Шаршен Курмановду айылдагы мал-жандыктар алыстан эле таанышат.

«Шаршен өзү да бакылдап катуу сүйлөйт. Үйдүн короосуна кирип келе жатканда эле кыйкырып сүйлөй баштайт. Айрым уйлар ал короого киргенде башын жерге салып жатып алат. Айрым уйлар көчөдөн көргөндө эле качып жөнөшөт», - дешет айылдаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×