Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Чолпон-Атада кызмат учурунда каза болгон патрулчу эскерилип, күрөш боюнча турнир өттү (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча 250 балбан катышкан облустук турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Турнир ушул жылдын 28-июнунда кызмат өтөп жаткан учурда каза болгон Патрулдук милициянын кызматкери, прапорщик Нурмат Медеровдун жаркын элесине арналган.

Аны маркумдун бир туугандары жана Патрулдук милициянын Ысык-Көл райондук бөлүмү уюштуруп, жеңүүчүлөргө грамоталар менен медалдар тапшырылды. Эми бул турнир жыл сайын өткөрүлүп турмай болду.

«5 баланын ортончусу Нурмат уулум аскер кызматкери болом деп Баткен коогалаңына жана Ош окуясына да катышып, аман келген. Бирок кызмат кылып жаткан учурда каза болуп калды. Эгер Нурмат ошондогу тартип бузуучу айдоочуга каршы турбаса алар канча адамдын убалына калат эле», - деди атасы Кыдырмыш Медеров.

Жыл сайын өтүүчү бул турнирдин максаты өтө чоң экендигин маркумдун кесиптештери белгилешти.

«Биринчиден Нурматты эскерип турсак, экинчиден өспүрүмдөрдү спорт менен машыгууга, коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырып турат. Турнир өттү дегендин өзү эле жол кырсыгынын кесепеттеринен эмнени күтүүгө болорун эскертип турат», - деди Патрулдук милициянын Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн башчысы Тимур Кадыров.

Буга чейин маалымдалгандай, ушул жылдын 28-июнунда саат 16:35 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын 1991-жылы туулган тургуну Б.А. «Субару Форестер» унаасын Балыкчы—Каракол унаа жолу менен башкарып бара жатып, 78-чакырымда жолдун четинде турган Патрулдук милициянын кызматкери — 1981-жылы туулган Нурмат Медеровду сүзүп кеткен.

Андан кийин айдоочу Б.А. Ысык-Көл облустук Патрулдук милициянын «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү кызматтык унаасын сүзгөн. Окуя болгон жерден прапорщик Н.Медеров оор жараат алып, тез жардам кызматы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Андан көп узабай операцияга киргизилип, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Ошондой эле, 28-июнда Ысык-Көл РИИБге 1974-жылы туулган С.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын иниси Н.Медеровду сүзүп кеткен «Субару» унаасынын айдоочусуна карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Ысык-Көл РИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан 1-июлда козголгон кылмыш иштин негизинде Б.Аскат аттуу жаранга айып тагылган. Ошол эле күнү Ысык-Көл райондук соту тарабынан Б.А.га карата Каракол шаарындагы №3 СИЗОго камоо боюнча баш коргоо чарасы каралган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1093
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×