Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 23.11.2017 12:30 Жаңыланды: 28.11.2017 18:23

Спорт адамдын мүнөзүн тарбиялайт, рухту чыңдайт, - ысык-көлдүк мушкер Асылмырза (фото, видео)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 23 жаштагы тургуну Эсентуров Асылмырза муай тай, самбо жана эрежесиз күрөш менен машыгып, эл аралык мелдештерге катышып келет. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

А.Эсентуровдун айтымында, ал 11 жашынан тарта спорт менен машыга баштаган.

«Эркин күрөш боюнча машыгууга биринчи жолу 11 жашымда бардым эле. Спортко келишиме атамдын керээзи түрткү болду. Себеби, атам каза болор алдында мага: «карындаштарыңды коргоп, өзүңө бекем болуп жүр!» деп насаатын айткан. Азыр муай-тай, самбо жана эрежесиз күрөш менен машыгам. Окуудан кийин машыгууга барып жүрдүм. Биринчи катышкан мелдеште 2-орунду алгам. Кийин спортко кызыгуум аябай күчөдү. Бишкектеги техникумдардын биринде билим алдым, бирок өз кесибим менен иштегим келген жок, себеби спорт жаатында ийгиликтерди багындыруу менин максатым эле. Негизи спорт адамдын мүнөзүн тарбиялайт, рухту чыңдайт. Бир күндө машыгуу үчүн 3-4 саат убактым кетет. Ал эми турнилерге даярданганда көп убакыт талап кылынат», - дейт ал.

А.Эсентуров чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип жаткандыгын белгиледи.

«Россияда өткөн мушташта армениялык мушкер менен беттешип, жеңишке жеткем. Казакстанда өткөн мелдеште дагы ийгилик мен тарапта болгон. Ал эми Таиландда 3 профессионалдуу күрөшкө чыгып, жеңишти алдырып жибергем. Бирок бул күрөшкө даярданып, Таиландда 3 ай жашадым. Биздин өлкөдө мыкты жаш спортчулар көп, бирок демөөрчүлөр жок болгондуктан алар өсө албай жатышат. Эгер материалдык жактан колдоо болсо ийгилик жаратып, өлкөнүн атын алыска тааныта турган спортчулар көп. Менин максатым — спорт аркылуу Кыргызстандын желегин бийик көтөрүү», - деди ал.

Ал 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×