Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Мекендештер: Жети-өгүздүк Алтынбек келечекте өлкөнү өнүктүрүү үчүн Алтайда билим алууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын 21 жаштагы тургуну Нурбек уулу Алтынбек Россиянын Алтай аймагында билим алууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2013-жылы мектепти аяктап, Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алган.

«Аталган окуу жайды 2017-жылы ийгиликтүү аяктадым. Азыркы учурда Алтай аймагында жайгашкан Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде туризм багыты боюнча магистратурада окуп жатам. Бул жерде билим берүү сапаты жогорку деңгээлде, студенттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Окуу жайда көп улуттун студенттери окуйт. Билим берүү менен гана чектелбестен коомдук иш-чараларга да көңүл бурулат. Илимий конференция, форум, спорттук ар кандай мелдештер байма-бай уюштурулуп турат. Мындай иш-чараларга катышып, ийгиликке жетишкен жигердүү студенттерге кошумча стипендия берилет. Студенттер 2500 рублга чейин стипендия ала алышат. Чет мамлекеттен келген студенттердин максаты окуу гана болгондуктан, мамлекеттик жумуштарда иштөөгө укугу жок. Ошондуктан окуудан тышкары коомдук иш-чаралар менен алек болушат. Коомдук иш-чараларга катышуу өзүбүз үчүн пайдалуу болсо, экинчи жагынан кошумча стипендия алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Барнаулда Кыргызстанга салыштырмалуу баардыгы кымбат. Жол акысы эки эсе жогору. Бирок бул жакта студенттер үчүн деп 50% жеңилдик берилип турат. Бөтөн элде билим алып жүргөнүм менен өз жеримдин топурагын сагындым. Буйруса алган билимим жана топтогон тажрыйбам менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошсом деген тилегим бар», - деди ал.

Алтынбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3218
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×