Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Красноярскта окуган Бегимай «Азия-Сибирь сулуусу – 2017» сынагында байгеге ээ болду (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Балыкчы шаарынын 21 жаштагы тургуну Бегимай Мамытова. Учурда ал Россиянын Красноярск шаарындагы Сибирь федералдык университетинде 4-курста окуйт. Ал жакында эле өткөн «Азия-Сибирь сулуусу - 2017» сынагында «Этникалык өзгөчөлүктү сактагандыгы үчүн» аттуу атайын байгеге ээ болгон. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

Анын айтымында, ал аталган университетке өтүү үчүн 4 жыл даярданган.

«Мектепте окуп жүргөндө бул университетке өтүүнү кыялданып, 8-класстан баштап даярдандым. 11-класста окуп жүргөндө тест тапшырып, 42 студент өткөнбүз. Баарыбыз 2 автобус менен эки күн жол жүрүп келгенбиз. Красноярскта бизди студенттер жана университетте иштегендер тосуп алышты. Азыр чоң бир үй-бүлө болуп калдык. Бири-бирибизге жардам берип турабыз. Чоң курста окугандар сабактардан жардам беришет. Бул жакта башка улуттар көп. Бизди көбүнчө тувин же якуттарга окшоштурушат. Кышында 40 градус суук болсо, май айында эле кар жаайт. Тамак-аштардын даамы айырмаланып турат, орустар дагы биздин тамак-аштарды жакшы көрүп жешет. Красноярск Россиянын эң жашыл шаарларынын бири деп эсептелет», - деди ал.

Бегимай Мамытова Красноярскта ар бир улуттун өз уюмдары бар экенин белгиледи.

«Шаарда ар кайсыл улуттун өкүлдөрү көп болгондуктан атайын уюмдарды ачып алышкан. Майрамдарда ар кайсы улуттан куралган уюмдар бири-бири менен түрдүү сынактарды өткөрүшөт. Университетте көп жылдан бери жаштар фестивалы өтүп турат, каалаган студенттер катыша алышат. Ар кандай сынактар жана оюн-зооктор өткөрүлөт. Ар бир улут өздөрүнүн улуттук тамактарын сатышат. Бизде кыргызстандыктардын «Алга» жана «Тимурчулар» аттуу эки отряды бар. Ошондой эле, «Манас» студенттер союзу бар, алар 1-курстун студенттерине жардам беришет. Өзүбүздүн өлкөнү сагынганда Енисейдин жээгине барып, Ысык-Көлдү элестетип сагынычымды таратып келем. Башында аябай кыйналдым, чыдап жүрүп азыр көнүп кеттим», - деди ал.

Бегимай «Азия-Сибирь сулуусу – 2017» сынагына катышып, атайын байгеге ээ болгонун белгиледи.

«Бул сынакка мени «Манас» студенттер союзунан жиберишкен, сынакка 14 кыз катышты. Кыргызстандын атынан чыкканыма абдан кубандым. Бул сынакта кыргыздын каада-салты, элдери тууралуу айтып бердим. Жыйынтыгында «Этникалык өзгөчөлүктү сактагандыгы үчүн» номинациясы боюнча атайын байгеге (кубокко) ээ болдум. Келечекте кесибим менен иштеп, ата-энемди чет өлкөлөргө саякаттоого жиберсем деген максатым бар», - деди Бегимай.

Ал үч бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2677
Көп окулду
×