Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.10.2017 15:44 На русском

«Эркектердин ден соолугу» жумалыгы Караколдо улантылып жатат

Turmush -  Каракол шаарында «Эркектердин ден соолугу» жумалыгы өтүп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы. Маалым болгондой, акциянын жүрүшүндө эркек кишилер акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, аларга ооруларды дарылоо боюнча  кеңештер берилип жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Эсенбек Сатылгановдун айтымында, акция эркектердин ден соолугундагы маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөйт.

«Иш-чара 23-октябрда Балыкчы шаарында башталып, учурда Караколдогу үй-бүлөлүк медицина борборунда улантылууда», - деди ал.

Шаардык оорукананын жетекчиси Талант Жумагазиев белгилегендей, акцияга тургундар активдүү катышып жатат.

«Азыр көптөгөн эркек кишилер текшерүүдөн өтүүдө. 23-октябрь күнү 160 эркек кайрылса, кийинки күнү 120 адам текшерилди. Акция 7 күн бою өткөрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×