Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө шайлоо күнү коомдук коопсуздукту 476 милиция кызматкери көзөмөлдөйт

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 15-октябрдагы шайлоодо коомдук коопсуздукту 476 милиция кызматкери сактайт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров билдирди.

Анын айтымында, кошумча милициянын 100 ардагери жана элдик кошуундардын 2 миңден ашык мүчөсү тартылат.

«Ар бир шайлоо тилкесиндеги коопсуздук маселесин 2 милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Буга чейин шайлоо боюнча облустук штабда коопсуздук маселеси каралып, тийиштүү тараптарга тапшырмалар берилген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 358
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×