Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кол өнөрчү И.Чалановдун эмгектери чет жердеги музейлерге коюлду (фото)

Turmush -  Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын 60 жаштагы тургуну Ишенбек Чаланов кол өнөрчүлүк менен алектенип, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги сынактарга катышат. Анын эмгектери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө таанылып, көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Аймактык кабарчы кол өнөрчү менен таанышты.

«Эмгектерим Москва шаарындагы Сүрөтчүлөр союзунда, Казань шаарындагы Татарстан улуттук музейинде, АКШнын, Германия, Нидерланды, Дания, Казакстан, Улуу Британия, Оман, Жапония, Италия, Кытайдын жана Кыргызстандын коллекцияларына, галереяларына коюлган.

Кочкор районундагы орто мектепти аяктагам. Андан соң азыркы Бишкек шаарындагы фабрикада жумушчу болуп иштедим. Кийин Советтик армиянын катарына кошулуп, Германияда кызмат өтөдүм. Ал жактан ага сержант наамына ээ болуп, мекениме келдим. Сүрөт тартууга шыгым болгондуктан Фрунзе шаарындагы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайына тапшырып, анын булгаарыны көркөм иштетүү бөлүмүн ийгиликтүү бүтүрдүм.

Кол өнөрчүлөрдүн жаңы ачылып жаткан окуу жайына мугалим болуп орношцп, чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүк жолумду ушул окуу жайдан баштадым. 1985-жылы С.А.Чуйков атындагы окуу жайдын жетекчилигинин сунушу менен ал жерге которулуп, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келе жатам. Ошондой эле, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги көркөм сүрөт факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктагам. 1983-жылдан баштап эл аралык жана республикалык деңгээлдеги көргөзмөлөргө туруктуу катышып келем», - деди ал.

Ишенбек мырза Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 2 уулдун атасы.

Ишенбек Чалановдун алган наамдары:

- 1994-жылы «Манас» эпосунун миң жылдыгына карата уюштурулган көргөзмөдө баалуу сыйлык алган;

- 1997-жылы Пакистанда өткөн эл аралык көргөзмөдө 1-орунга ээ болгон;

- 2005-жылы Жапонияда өткөн «Экспо – 2005» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө диплом менен сыйланган;

- 2006-жылы «Ат чабыш» эл аралык фестивалында диплом менен сыйланган, республикалык «Ат жабдык» көргөзмөсүнүн лауреаты болгон;

- 2007-жылы Кыргызстандын көркөм колдонмо искусствосуна кошкон зор салымы үчүн Жумабай Уметов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон;

- 2010-жылы «Экспо – 2010» эл аралык көргөзмөсүндө алтын төш белги менен сыйланган;

- 2012-жылы «Түрк дүйнөсүндө булгаары иштетүү» иш-чарасында 1-орунга татыган;

- 2013-жылы АКШнын Хьюстон шаарында өткөн «Түрк дүйнөсүнүн маданияты» көргөзмөсүндө диплом менен сыйланган;

- 2016-жылы С.А.Чуйков атындагы сыйлыктын лауреаты болгон;

- 2017-жылы элдик көркөм кол өнөрчүлүк майрамына арналган республикалык сынакта 1-орунду багындырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1006
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×