Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түркияда 10 жыл эмгектенген Ч.Шайкеев айкел жасап, 300 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 34 жаштагы тургуну Чыңгыз Шайкеев ар кандай айкелдерди жасап, жылына 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 3-класска чейин Бөкөнбаев айылында окуп, кийин көркөм сүрөт мектебинде 9-класска чейин окудум. Андан соң, Көркөм сүрөт училищасына тапшырып, академиясын 2006-жылы окуп бүттүм. Академиянын президенти Тургунбай Садыков мени Түркия өлкөсүнө жөнөттү. Ал жерде 10 жылдай эмгектенип келдим. Кыргызстанда иштеп жатканыма 1 жыл болду. Түркиянын Кайсери шаарында Эрджиес университетинде кооз искусство, таш, сүрөт, скульптор, жыгач боюнча сабак бердим», - деди айкелчи.

Ч.Шайкеев азыркы учурда айылдагы үйүнө чакан устакана ачып, эмгектенип жатат.

«Баткен согушунда курман болгондорго арналган эстеликти даярдоонун үстүндөмүн. Скульптордон сырткары жыгачка кызыгам, текенин, ээликтин мүйүздөрүн чабан досторум алып келип беришет. Аларды декоративдүү кылып жасап, үйдү кооздогонду жакшы көрөм. Улуттук колориттеги жаңы идеяларды таап жатам. Азыр улуттук буюмдарга кичине көңүл бурулуп калды, сурагандар дагы көп. Айкелдерди материал, фигураларына, композициянын ордугуна жараша баалап жасап берем. Мисалы бир айкел 4-5 этаптан өтүп, анан өз абалына келет», - деди ал.

Айкелчи мергенчилик менен да алектенип, бош убактысында аңчылык кылат.

«Мени жолумду улаган 2-3 баланы тарбиялап, үйрөтсөм деген пландарым бар», - деди ал.

Ч.Шайкеев учурда Баткен ардагерлерине арналган эстеликти бекер жасап жатат. Ал 2 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×