Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Тоңдо Баатыркан баатырдын күмбөзү тазаланды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бар-Булак айылында Баатыркан баатырдын күмбөзүн тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар Акжол Тукунов жана Руслан Баатырканов билдирди.

Алардын айтымында, Баатыркан баатыр кыргыздын каада-салтын сактоону катуу көзөмөлгө алган зирек адам болгон.

«Кудайы коногуна «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарткан» же бир шылтоо таап үйүнө кондурбай, коногун кубалаган «сараңбайларды» малдан айып салып же башка ыкма менен сөзгө сындырып тартипке салчу. Баатыркан ар бир иш бүткөндө тоодон кымыз алдырып, мал сойдуруп, өзү да эл менен аралаша отуруп элге тамак бердирчү дешет. Эгиндин сугаты бүткөндө да ошондой тамак уюштурчу. Баатыркан жайкысын төрт түлүк малдын бирин калтырбай Сырт жайлоосуна айдатып, эгиндер толук орулуп-жыйылмайын бир да малды жакага түшүрбөй, өзү ашуунун оозундагы тектирге көчүп алчу экен. Азыр ошол тектир Баатыркан тектир деп аталат. Чарбачылдыгы жагынан да айлакер саясатчы болгон деп айтса болот.

Болуштук кызматтын мөөнөтү бүтөрүнө аз калып, өзү да карылыка моюн суна баштаганын эстеп, өзүнөн кийин бийлик кимдин колуна тийерин ойлоно баштайт. Камчыга сап болчу жигиттерди бирден көз алдыга келтирип отуруп, акыры өзүнүн аталаш агасы Эсеналынын Дүйшөнбүсүнө келип токтогон. Антпесе болуштук талашка түшүп, эл 2-3 жаатка бөлүнүп чыр-чатак чыгып кетүүсү мүмкүн эле», - дешти уюштуручулар.

Бул күмбөздү тазалоо иши Ыйман, адеп жана маданият жылына карата уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 415
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×