Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчылык К.Осмонов скульптура жасап, үйдүн дубалдарына сүрөт тартат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 56 жаштагы тургуну Курманбек Осмонов скульптура, түрдүү азем белектерди жасап, дубалдарга сүрөт тартат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

К.Осмоновдун айтымында, ал Санкт-Петербургда дизайнерлик боюнча билим алган.

«Мен Нарын шаарында төрөлгөм. Мектепти окуп бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайына тапшыргам. Окуу жайды аяктагандан кийин 1982-жылы Санкт-Петербург шаарында дизайнерлик жаатта билим алып, кийин Бишкек шаарында өзүм окуган окуу жайга келип, 4 жыл окуучуларга сабак бердим. Андан кийин мени Чолпон-Атадагы шаардык архитектурага жиберишип, конструкторлук бюро ачып, ошол жакта иштеп калдым. Корумду айылындагы Садыр Акенин күмбөзүнүн авторумун. Акыркы 1 жылдан бери өрүктүн бутагынан атайын портрет жасап, ошого сүрөттөрдү тартып, кооз таштардан атайын азем белектерди жасайм. Кээ бир идеяларды түшүмдө көрүп, кийин чагылдырганга аракет кылам», - деди ал.

Сүрөтчү 2-топтогу майыптыгына карабай, оригиналдуу азем белектерди жасайт.

«Бутум сынгандан кийин буттун баркын билдим. Бош отурбайын деп аракеттене баштадым. Көчмөндөр оюндарына алып барган азем белектерди чет өлкөлүктөр жактырып, алып кетишти. Бирок кыргыздар ага маани бербегени таң калтырат. Көргөзмөлөргө барып турам. Сүрөткө өрүктүн бутагы ылайыктуу. Ага сүрөт тарткыча 1 күн убакыт кетет. Боёкторду атайын буйрутма менен алам. Акыркы учурда көпчүлүк адамдар жашоо-шартына жараша үйлөрүнө пейзаж тарттырып башташты. Буйрутма беришсе үйлөрүнө барып, каалагандай сүрөтүн тартып берем. Менин буюмдарымды Россия, Америка, Япония, Сауд Арабия өлкөлөрүнүн элдери алып кетишет. Келечекте атайын устакана ачсам дейм. Учурда окуучуларды үйрөтүп жатам», - деди К.Осмонов.

Ал сүрөттөрүн 300 сомдон 500 сомго чейин, ал эми үйгө пейзажды 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин тартып берет. Сүрөтчү 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 423
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×