Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Караколдо кесиптик билим берүү системасынын 75 жылдыгына карата аскердик мелдеш уюшулду (фото)

Turmush -  Каракол шаарында кесиптик билим берүү системасынын 75 жылдыгына жана Ыйман, адеп жана маданият жылына карата аскердик мелдеш уюшулду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт боюнча эмгек резервинин инструктору Казыбек Кудуевдин айтымында, мелдешке жалпы 8 команда катышты.

«Анын жүрүшүндө орто окуу жайдын студенттери 100, 1000 метрге чуркоо, граната ыргытуу, турникке тартылуу, эстафета, ок атуу өңдүү мелдештерде күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында ар бир командадан 2 бала тандалып, 19-22-октябрда Талас шаарында боло турган мелдешке катышат», - деди Казыбек Кудуев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×