Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө «Ауди-80» жана «УАЗ» унаалары кагышты

Turmush -  Ысык-Көл районунда «Ауди-80» (мамлекеттик номуру В 8620 N) жана «УАЗ» үлгүсүндөгү (I 18-61 Z) унаалар кагышты.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык кечээ, 10-октябрда саат 16:55 чамасында Тамчы айылында Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 45-чакырымында катталган.

Унаалардын ичиндеги адамдар жаракат алган эмес. Куткаруучулар унаанын жабылып калган эшигин ачып, жүргүнчүлөрдү чыгарышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 323
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×