Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баракелде

Ырчы К.Алибекова аны зордуктоого аракет болгонун айтса милиционерлер тасмага тартышкан, - Акыйкатчы

Turmush -  Акыйкатчы Кубат Оторбаев милиция кызматкерлеринин үстүнөн арызданып жаткан ырчы Клара Алибекова менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө ырчы милиция кызматкерлери менен болгон окуя тууралуу кенен айтып берди.

Анын айтымында, ага мас абалдагы эркек киши кол салып, зордуктоого аракет кылган. Ал качып чыгууга жетишип, милиция кызматкерлерине кайрылган. Бирок укук коргоо кызматкерлери жабырлануучуга жардам бергендин жана күнөөлүү адамды кармоонун ордуна аны видеотасмага тартып, орунсуз суроолорду беришкен.

«Аталган факт боюнча Акыйкатчы институту ИИМдин жетекчилигине ал кызматкерлерди аныктап жана алардын жүрүм-турумуна моралдык-этикалык, юридикалык жактан баа берип, ошондой эле зордуктоого аракет кылуу фактысына калыс тергөө жүргүзүү боюнча тиешелүү кат жөнөтөт», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9706
Көп окулду
×