Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ысык-көлдүк Т.Каримова «Биринчи мугалим» республикалык сынагында 1-орунду жеңди

Turmush -  Ысык-Көл районундагы мектептин мугалими Каримова Турумкан «Биринчи мугалим» кароо-сынагынын жеӊүүчүсү болду. Бул тууралуу Темир айылынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Санжар Данияров атындагы фонд тарабынан уюштурулган «Биринчи мугалим» республикалык сынак ушул жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн.

Каримова Турумкан Ысык-Көл районунун Темир айылындагы Эркин Керимгазиев атындагы орто мектепте 39 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип келет. Республикалык кароо-сынакка өлкө аймагынан чогулган 80 мугалим катышкан. Алардын ичинен Т.Каримова мыкты экенин далилдеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 390
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×