Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Чолпон-Атада жол кырсыктан каза болгон 2 тез жардамчынын үй-бүлөсүнө президент жардам берди

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында жол транспорт кырсыгынан каза болгон тез жардам кызматынын 2 кызматкеринин үй-бүлөсүнө президенттин атынан акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул 2 үй-бүлөгө өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бүгүн, 10-октябрда көңүл айтып, Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң сом жана өкүлчүлүктүн атынан 25 миң сом тапшырды.

Эске салсак, жол кырсыктан тез жардам кызматында 40 жылдан бери эмгектенген Марипа Садыбакасова жана Кожо Адыракаев каза болушкан.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

Turmush басылмасына белгилүү болгон алдын ала маалыматтар боюнча, «Мерседес-Бенц» унаасын Кербен шаарында жашаган 23 жаштагы кыз башкарып жүргөн. Учурда бул окуяга байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×