Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Батирин сатып, карылар үйүн ачкан ысык-көлдүк мугалим өкмөттөн колдоо күтөт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы «Нафил» карылар үйү жардамга муктаж. Бул тууралуу ал үйдүн жетекчиси Элмира Түмөнбаева билдирди.

Анын айтымында, карылар үйү 4 жылдан бери иштейт.

«Бул үйдү ачууга 22 жаштагы баламдын катуу ооруп калышы себеп болду. Уулумду ооруканадан чыгарып салышканда үйгө алып келип бактым. Балам жакшы болуп кетет деген үмүт менен үйдөн бактым. Анын жакшы болуп кетишине болгон күч-аракетибизди жумшадык. Жараткандын ырайымы менен балам бутуна туруп, басып кетти. Азыр 26 жашта, үй-бүлө куруп, 2 балалуу болду. Уулумдун айыкканына сүйүнүп, соопчулук иш болсун деп өзүмдүн батиримди сатып, ушул карылар үйүн ачтым», - деди ал.

Э.Түмөнбаева белгилегендей, учурда карылар үйү колдоого муктаж.

«Бул ата, апалар бир аз пенсия алышат. Жакшы акча алган карыларды эч ким бул жерге алып келбейт. Пенсиясынын 30% тамак-аш, дары-дармекке жана мекеменин электр энергиясына жумшалат. Карылар үйүн камсыздоого жайкысын бир айга 10 миң сомдон ашык каражат кетет. Ал эми кышкысын 20 миң сомдон ашат. Колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр жок. Мамлекет тарабынан эч кандай жардам жок болгону өкүндүрөт. Ысык-Көл облусундагы жалгыз карылар үйүнө бирөө дагы келип куттуктаган жок. Президентке чейин кат жаздым, бирок жооп келген жок. Бул үйдөгү ата-апалар "жаңылык көрөт элек" дешет, бирок сыналгы алууга каражат жок. Болгону радио угушат. Кийим салгыч жетишпегендиктен карылар кийимдерин алмаштырып алып, бири-бири менен таарыныша кетишет. Учурда 8 киши бар. Мончого атайын буйрутма берип, апаларды өзүбүз жуунтабыз.

Ал эми, аталарды эркек киши жалдап акчасына жуундурабыз. Кышкысын карылар көп болгондуктан жатканга орун калбай калат. Карылар каза болуп калса, жакындарын тапканга аракет кылып, эгер жок болсо мечиттер аркылуу сүйлөшүп, жерге берүүгө аракет кылабыз», - деди ал.

Э.Түмөнбаева 50 жашта. Кесиби боюнча кыргыз тилчи мугалим. Ал 3 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2634
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×