Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Тоңдо Алыбек баатырдын 230 жылдыгына арналган ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Алыбек баатырдын 230 жылдыгына арналган ат оюндары боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. 

Уюштуруучулардын айтымында, аламан байге боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүнө — 1-орунга унаа, 2-орунга 70 миң сом, 3-орунга 50 миң сом ыйгарылды.

«Жорго чабыш боюнча 1-орунга унаа, 2-орунга 70 миң сом, 3-орунга 50 миң сом ыйгарылды. Көк бөрү мелдеши боюнча Комсомол айылы 1-орунга ээ болуп, 20 миң сом менен сыйланды. 2-орунду ээлеген командага 15 миң сом, 3-орунду алган командага 10 миң сом тапшырылды. Ордо боюнча 1-орунду Көл-Төр айылы, 2-орунду Тогуз-Булак айылы, 3-орунду Төрт-Күл айылы ээледи. Күрөш боюнча мелдеш үч категорияда өткөрүлдү. Жорго чабыш боюнча мелдеште Бостери айылынын командасы жеңишке жетти», - деди коомдук ишмер Акжолтой Тукунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 402
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×