Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ак-Суу токойчулугунда 15 гектар жер тазаланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу токойчулугунда пландык негизде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу токойчулуктун башчысы Б.Ыбыкеев билдирди.

Анын айтымында, мындай иштер жыл сайын пландык негизде жүргүзүлөт.

«Быйыл берилген пландын негизинде 36 гектар жерди суюлтуу жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү каралган. Куурап калган карагайларды убагында тазалабаса токойдо ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн. Акыркы 10 жыл аралыгында мыйзамсыз кыюу 10 эсеге азайган. Учурда 15 гектар жер тазаланды», - деди Б.Ыбыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 323
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×