Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт ордого мугалим К.Ибраевдин ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылындагы спорт ордого тарых мугалими К.Ибраевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты. Кызыл тасма кесилип, улуттук спорттук оюндар уюштурулду. Спорт ордонун ачылыш аземине келген меймандар маркум, элеттик мугалимдин эмгектерин баалап, келечек ээлерин тарбиялаганын белгилешти.

К.Ибраев 5 уул, 3 кыздын атасы. Анын уул-кыздары да мамлекеттик кызматтарды аркалап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 271
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×