Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ак-суулук И.Бондарева түбөлүк гүлдөрдү өстүрүп, айылдаштарына белек кылат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну Ирина Бондарева үйүн, бакчасын да гүлгө толтурган. Элеттик айым менен аймактык кабарчы таанышты.

И.Бондареванын айтымында, бакчасында георгина гүлүнүн 50 түрү жана орхидея, роза гүлдөрүнүн түрлөрү өсүп турат. Үйүнүн ичинде дагы 200гө жакын гүлдүн түрү бар. Алардын арасында түбөлүк гүл же бейиш багындагы жаан тамчысы деп атаган гүл бар. Ал чөп сыяктуу өсүп, уругун чачканда өзгөчө тыйындар илинген кооз өсүмдүккө айланат.

Ал гүлдөрдүн аталыштары тууралуу көптөгөн уламыштарды билет. Теплоключенка айылынын тургундарына гүлдөрдү сатпай, белекке бере турганын кошумчалады.

Анын бакчасында гүл гана эмес, жашылча-жемиштин түрү өсөт. Пияздын 3 түрүн өстүрсө, анын бири таттуу. Капустанын 4 түрүн Грузиядан уулу алып келген. Аны биринчи көргөн киши гүл деп ойлошу мүмкүн. Каарманыбыз 15-20 жылдан бери өсүмдүктөр менен өткөргөн убактысы текке кетпегенине ыраазы. Анын 10 сотых жеринде бир дагы чарчы метр жер бош эмес.

«Мен жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү өтө жакшы көрөм. Үйдө өстүрүлгөн гүлдөрдүн көбүнүн мекени — Африка. Бакчадагы гүлдөрдүн уруктарын кээде гана сатып, айылдаштарыма гүлдөрдү бекер эле берем. Мен бул айылда жашайм, бул кооздукту эл көрүп сүйүнүшүн каалайм», - дейт И.Бондарева.

Ал түймө менен дагы алектенип, аялдардын күрмөсүн 2-3 күндө түйүп бүтөт.

«Түймө — менин хоббим. Түймөнү колго албасам ооруйм. Ушул иш мага жаштык тартуулаган сыяктуу. Жашоону, үй-бүлөмдү жакшы көрөм. Жолдошум экөөбүздүн 3 балабыз бар. Эң негизгиси аларга жакшы адам бол деп тарбия беребиз. Колунда жок адамдарды көрсөм жардам бергим келет», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 482
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×