Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Жаш талант: 15 жаштагы Арсланбек грек рим күрөшү боюнча 6 жолу биринчиликти багындырган (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 15 жаштагы тургуну Арсланбек Беккулуев грек рим күрөшү менен машыгып, бир нече ийгиликтерди багындырган.

Жаш спортчунун айтымында, күрөш боюнча мелдештерде 6 жолу биринчиликти багындырган.

«Мен 2008-жылдан бери грек-рим күрөшү менен машыгам, байкем күндө күрөшкө барып калчу, кичинекей болсом дагы анын артынан ээрчип жүрүп, анын күрөшкөндөрүн көрүп, менде дагы кызыгуу пайда болду. Күндө сабак бүтөрү менен үй жумуштарын аткарып коюп, 3 саатка машыгууга барып жаттым. Биринчи жолу облустук мелдешке барганда байгелүү орун алганда өзүм сыймыктанып, дагы айылымдын атын чыгарууга салым кошоюн деп чечтим. Азыр облустук ар түрдүү мелдештерге катышып келе жатам жана чет өлкөлөргө дагы барып келдим. Күрөштө 6 жолу биринчиликти багындырдым. Келечекте атактуу инсан болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон инсан болууну максат кылып койдум», - деди ал.

Арсланбек Таласта өткөн мелдеште 3-орунду, Жалал- Абаддан 2-орунга ээ болгонун, Өзбекистан, Россия, Иранга чейин барып күрөшкө катышып келгенин белгиледи. Ал үч бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 363
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×