Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Эл ичи — өнөр кенчи: Ырчы Ильяз Андаш бала кезинде тооктун жөжөлөрүн өлтүрүп, ашынган тентек болгон (фото)

Turmush -  Эл ичинде өнөрлүү, табитине жарашкан таланттуу инсандарыбыз көп. Айрымдары Кыргызстанга таанылса, айрымдары чет өлкөлөргө, коңшу мамлекеттерде өз таланттарын көрсөтүп келишет. Алардын бири — Ильяз Андаш. Ысык-Көлдүн жээгинде таланттуу өнөрпоздордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн жаш ырчы менен аймактык кабарчы таанышты.

7 жашынан музыка чөйрөсүнө аралашкан Ильяз Андашев (Ильяз Андаш) 1988-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Атасы Кылычбек Андашев 1961-жылы туулган, учурда музыкант жана гитарада кол ойнотот. Убагында «Бакай» эстрада тобун түптөгөн. Кесиби боюнча актер. Ал эми, апасы Атыркүл Байтокова 1966-жылы туулган, кесиби комузчу мугалим. Учурда Каракол шаардык музыкалык мектебинде сабак берет.

Ильяз учурда жеке ырчы жана обончу. 7 жашынан баштап чоң сынактарга катышып, 4 жолу эл аралык сынактарда, 5 жолу Кыргызстандын биринчилигин алууга жетишкен. Ильяз Андаш чоң сахнага 2007-жылдан тартып чыга баштаган.

«Мен Каракол шаарында тайларымдын колунда чоңойдум. Бөкөнбаев айылында таята-таенемдин колунда өстүм. Балалыгым жалаң гана музыка, ыр жазуу, обон чыгаруу жана ар кыл багыттагы улуттук аспаптарды үйрөнүү менен коштолду. Бала кезде абдан тентек болчумун. Таенем-таятам тоок багып жүрүшчү. Короого бир күнү 200-300дөй жөжө алып келсе, баарын тебелеп өлтүрүптүрмүн. Жөжөлөрдүн кеминде жарымын тебелеп салыптырмын (күлүп).

Учурда чыгармачылык менен алектенип, обон чыгарам. Өзүмдүн калемиме таандык чыгармаларым бар. Азыркы учурда 30дан ашык ыр чыгарып, 15ден ашык клип тарттырууга жетиштим», - деди И.Андаш.

Ильяз Андаш 1995-жылы Ленин орто мектептен билим алып, 2004-жылы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайдын эстрада бөлүмүнө кабыл алынып, 2008-жылы музыкалык аспаптарда ойноо бөлүмүн аяктаган. Ушул эле жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына барып, юрист кесибине ээ болгон. 2016-жылдан тарта Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде сырттан окуп, билимин улантууда.

«Бала кезимден баштап кафеде иштегеним чыгармачылыкка баш отум менен киришүүгө түрткү берди. Алгач "Бакай" тобунда ырдап баштадым. Ар кандай сынактарга катышып, орундарды алуу менен Каракол шаарында, облуста таанымал болдум. Кийин мен өзүмдү тааныштыруу максатында Бишкек шаарына келип, 1 жыл ары-бери согулуп жүрүп ырдап калдым. Алгачкы продюсерим Тынчтыкбек Кожобеков жардам берди. Учурда кыргыз элимдин маданиятынын бир бурчун сүйрөп келем», - деди ал.

Ильяз учурда үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
20:18, 09 октября 2017
Азамат жигит да өзү, чыгармачылык ийгилик
Көп окулду
×