Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Бөрү-Баш айылындагы мектептин окуучуларына биринчи жолу ысык тамак бериле баштады

Turmush -  Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы орто мектептин башталгыч классынын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо программасы ишке ашырылды. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бөрү-Баш айылдык мектебинин тарыхында биринчи жолу кенже класстын окуучуларына ысык тамак бериле баштады. Октябрь айынан тарта 150 балага ысык тамак берилүүдө.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында мектепте бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. «Мерсико» долбоору аркылуу 100 түп алманын көчөттөрү отургузулуп, айыл өкмөттүн жардамы менен мектептин ашканасы оӊдоп-түзөөдөн өткөн. Ага 150 миӊ сом бөлүнгөн. Ошондой эле, мектепте интернет байланышы орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 345
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×