Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук 22 жаштагы Айжан өзү окуган мектепте окуучуларга билим берүүдө (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашаган 22 жаштагы Айжан Аманбаева өзү окуган мектепте мугалим болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы жаш мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 6-класстан 11-класска чейинки окуучуларга биологиядан сабак берет.

«Кыргыз улуттук университетинин биология факультетин бүтүрүп, азыркы учурда өзүм окуган Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте эмгектенип жатам. Окуучу сабакка даярдангандай эле мугалим дагы сабакка даярданат. Мен дагы окуучуларга айта турчу сөзүмдү даярдайм, кандай сүрөттү көргөзөм, кандай суроо берем деп барын ойлонуп чыгам. Окуучуларга кызыктуу түшүндүрүүгө аракет кылам.

Мен жаш адис болгондуктан башка мугалимдер билбеген ыкмаларды үйрөнгүм келет. Ошондуктан сабагым болсо да, жок болсо да эртеден кечке чейин мектепте жүрө берем. Мугалимдердин сабактарына катышам. Кечке маал үйгө барып, бир аз үй жумушу менен алектенем. Кечинде кайрадан сабакка даярданам, кызыктуу идеяларды даярдайм. Интерактивдүү метод колдоноюн деген да оюм бар. Азыр видео, графика, кызыктуу сүрөттөр менен сабак өтүп жатам. Өзүмдүн айылымдагы инилериме, сиңдилериме сабак берүү мен үчүн чоң жетишкендик. Окуучуларга жакшы тарбия бергим келет», - деди ал.

Жаш мугалим үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 958
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×