Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоңдо Алыбек баатырдын 230 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылында Алыбек баатырдын 230 жылдык мааракеси белгиленди. Бул туурлуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Алгач Алыбек баатырды эскерүү аземи болду. Андан соң анын эстелиги ачылып, куран окулду. Алыбек баатырдын мааракесин уюштуруу иштери 3 жыл мурун башталып, эң алгач Бостери айылында өткөн болчу. Алыбек баатыр Бостери баатырдын тукумунан чыккан.

Алыбек баатыр 1787-жылы төрөлүп, 1855-жылы каза болгон. Ал мергенчиликте мыкты насаатчы болгону айтылат. Кененсарынын Орозбайы келгенде аскердин оң канатында турган. Маараке элди ынтымакка чакырып, биримдикте болууга, жаш балдарды тарыхый инсандарды билүүгө, салтты сактап калууга, туура жолду көрсөтүүгө үндөө багытында  уюштурулду.

Бул салтанатта Тоң районунун администрация башчысы Т.Ажиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундгы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Улан Эсенгул уулу өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн айта кетишти.

Мааракенин алкагында күрөш, кол күрөш, ордо, эр эңиш боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мындан тышкары, ат чабыш, аламан, жорго, кунан чабыш оюндар болду. Ошондой эле, элдин жардамы менен каржыланып Алыбек баатырдын эстелиги тургузулган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1655
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×