Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук Г.Аракеева жасаган буюмдар Европага чейин сатылат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 53 жаштагы тургуну Гүлжан Аракеева жасаган буюмдарды чет өлкөлүктөр алып кетет.

Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында төрөлгөн. Кийин Бөкөнбаев айылына келин болуп келген. Жасаган буюмдарын Англия, Германия, Бельгиядан келген туристтер сатып алышат. Учурда шырдактарды 500 сомдон 20 миң сомго чейин баалап сатууда.

«2005-жылдан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кол өнөрчүлүккө көбүнчө кайын энем кызыктырып жардам берди. Өзгөчө көңүл буруп, ар бирин көрсөтүп үйрөттү. 2006-жылдан баштап кол өнөрчүлүктү үй-бүлөм менен чогуу уланта баштадым. Мен боз үй, боз үйдүн жабдыктарын, шырдактарды, үй бут кийимдерди, сувенирлерди жасайм. Биз жасаган буюмдарды туристтер нукура кийизден жасалганы үчүн баалашат. Бир шырдакты 1 жумада бүтүрөм. Жылына жасаган буюмдарым калбай өтүп кетет. Максатым — жасаган буюмдарымды көбөйтүп, экспортко чыгаруу», - деди ал.

Чебер айым 3 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 392
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×