Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Фото — Түп районундагы 2 айылда жаңы мектептер ачылды

Turmush -  Түп районунун Арал айыл өкмөтүндөгү 2 айылда жаңы курулган мектептер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Сары-Дөбө айылындагы К.Карачев атындагы 2 кабаттуу мектеп республикалык бюджеттин эсебинен 44 млн сомго курулду. 225 окуучуга ылайыкташтырылган мектепте спорт залы, ашканасы да бар. Мектепте 359 окуучу билим алып, жалпы 38 мугалим билим берет.

Ал эми, Долон айылындагы К.Үмөталиев атындагы 2 кабаттуу мектеп 48 млн сомго курулду. 150 окуучуга ылайыкташтырылган мектепте спорт зал, ашкана жана лабораториялык кабинеттер бар. Облус жетекчилиги ачылган мектептерге 30 миң сомдон акчалай жардам көрсөттү.

Ошондой эле, мектептердин ачылыш аземинде көп балалуу аялдарга «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» наамдарды салтанаттуу тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 320
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×