Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Чүй

Вице-премьер каза болгон жол кырсык: «КамАЗдын» жүргүнчүсү окуя тууралуу айтып берди (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан «Тойота Ленд Крузер» менен кагышкан «КамАЗдын» жүргүнчүсү - Чалдыбар айылынын 27 жаштагы тургуну Бекназар Шаршенбаев окуя тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ал «КамАЗдын» айдоочусунун жанында уктап келе жаткан. «Тойота Ленд Крузер» менен сүзүшкөндө ойгонуп кеткен.

«Кырсык кандай болуп кеткенин көрбөй калдым. Мен уктап келе жаткам. Сүзүшкөндө ойгонуп кеттим. Карасам, бутум кыпчылып, катуу жараат алыптырмын. Бутумду тартып чыгып, «КамАЗдан» түштүм. Бирок бутум абдан ооруткандыктан ошол жерде жаттым. Мени жеңил унаа менен ооруканага алып кетишти», - деди жүргүнчү.

Ал белгилегендей, айдоочу «КамАЗды» ижарага алып, убактылуу иштеп жаткан.

Москва райондук аймактык ооруканасынын директору Болот Шеримбаевдин айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. «Бейтаптын оң буту сыныптыр. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Бардык жардамдар көрсөтүлүп, дарыланып жатат», - деди ал.

Буга чейин  укук коргоо органдарынан билдиришкендей, бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 7:30 чамасында жол кырсыгынан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев каза болгон. Аталган окуя Москва районунун Садовое айылындагы Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун 36-чакырымында болгон. Вице-премьердин унаасы чиркегичи бар «КамАЗга» урунган. Анын кесепетинен 3 адам каза болуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Буга чейин Темир Жумакадыров Шайлоолорду өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси болуп дайындалган. Ал шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн Таласка бара жатканда жол кырсыгына кабылган. Анда «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу «КамАЗ» кагышкан. «Тойота Ленд Крузердин» ичинде вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эрикович жана айдоочусу болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 54430
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
19901217
00:46, 08 октября 2017
Айдоочу каякта?
Нет аватара
Nurnur83
20:52, 07 октября 2017
Bashalaman
Туура сөз
аватар
Sagynbaev_95
20:21, 07 октября 2017
Конкренто эщтеке деле айткан жок
Нет аватара
Bashalaman
20:20, 07 октября 2017
Эч ким жамандык издеген эмес, кырсык каш кабактын ортосунда айла жок.
Көп окулду
×