Бөлүмдөр
Жума, 15-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда мугалимдердин укугун коргоп келген Э.Саадабаев «Ардактуу атуул» наамына татыты (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада Ак-Суу районунун тургуну Эсен Саадабаев «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Э.Саадабаев кесиби боюнча журналист. Ал 1976-жылдан бери жөнөкөй жумушчудан баштап, билим берүү тармагындагы «Билим шамы» гезитинин редактору кызматына чейин жеткен. 16 жыл Ак-Суу райондук профсоюздар уюмунун төрагасы болуп иштеп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдердин укугун коргоо, алардын ден соолугун чыңдоо маселелери боюнча бир катар иш-аракеттерди жүргүзгөн.

Учурда Ысык-Көл облустук профсоюздар уюмунун төрагасы кызматында иштеп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 650
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×