Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ысык-Көл

Ак-суулук мугалим А.Дабаев 4 бала бакчаны 90 миң долларга оңдоого жардам берди

Turmush -  Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылындагы Ы.Туманов атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Айбек Дабаев Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

А.Дабаев мектепте мугалим эле болбостон, айылдык кеңештин депутаты болуп эмгектенет. Ал айылдагы балдар бакчаларын оңдоп-түзөөгө салым кошуп келет.

Кесиптештеринин айтуусунда, Түркия мамлекетинен грант тартып, элеттеги 4 бала бакчага оңдоо иштерин жүргүзгөн. Оңдоо иштерине Түркиянын премьер-министринин аппаратына караштуу түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан 90 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле, Маман айылындагы бала бакчанынын короосу тосмолонуп, Боз-Булуң, Боз-Учук, Орлинное айылындагы бала бакчалар капиталдык капиталдык оңдоодон өткөн.

index

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 410
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×